Коом

Союзбек Надырбеков Спорт агенттигинин жетекчисине орун басар болду

Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин жетекчисинин орун басары болуп Союзбек Надырбеков дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Ага ылайык, Надырбеков 1990-жылы 16-сентябрда Оштун Өзгөн районунун Мырза-Аке айылында төрөлгөн.

Жогорку билимдүү. Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин эстрадалык вокал, Бишкек гуманитардык университетинин чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинин корей тили бөлүмүн бүтүргөн.

Андан кийин Кореядагы Чунг-Анг университетинин ички жана тышкы саясат багытында окуган. Ошондой эле президенттин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүп, аспирантураны улантууда.

Эмгек ишмердүүлүгүндө консультант, координатор, кеңешчи, менеджер, уюштуруучулукту аркалаган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button