Саясат

Кыргызстан менен Тажикстан чек арада ок атышууну токтотууну макулдашты

Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер министрлери Руслан Казакбаев жана Сироджиддин Мухриддин саат 20:00дөн тарта чек арада ок атышууну токтотуп, чек арадагы аскер күчтөрүн мурдагы жайларына кайтарууну макулдашты. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 28-29-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек арасында орун алган окуядан кийин Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин жана башка тиешелүү өкүлдөр менен сүйлөшүп, эки өлкөнүн чек ара аймактарындагы кырдаалды жөнгө салууга багытталган тараптардын мындан аркы биргелешкен иш-аракеттери талкууланды.

Ошондой эле тараптар жакынкы саатта эки өлкөнүн жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда укук коргоо жана коопсуздук органдарынын башчыларынын өзүнчө жолугушуусун өткөрүүнү макулдашты. Анда кырдаалды жөнгө салуунун андан аркы деталдары талкуулана турган болду.

Андан тышкары, тараптар жергиликтүү тургундар арасында түшүндүрүү иштерин күчөтө турган болду.

Руслан Казакбаев менен Сироджиддин Мухриддин эки тарапты тең айрым күчтөрдүн чагымына алдырбоого чакырды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button