Окуялар

Ош ОИИБи: Уурдалган малдар ээсине кайтарылып берилди (ФОТО)

Араван РИИБне арыз менен Тоо-Моюн  айыл аймагынын тургуну 31 жаштагы  Ш. Ж. кайрылган. Арызда 2021-жылдын 29-апрелинен 30-апрелине караган түнү үлүш жеринде байланып турган базар баасы 110 000 (бир жүз он миң) сом  болгон эки баш малын  белгисиз жарандар уурдап кетишкендигин билдирген. Натыйжада жабырлануучу  Ж.Ш. 110 000 (бир жүз он миң) сомдук материалдык зыянга учураган.

Бул фактыда Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренесинин 1-бөлүмүндө (Уурдоо) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери бар болгондуктан, кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине катталып, сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлө баштаган.   2021-жылдын 2-май күнү    жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө  иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүүлөр кармалган. Алар  Өзбекстан Республикасынын Фергана облусунун тургуну 24 жаштагы Д. М.  жана Ноокат районуна караштуу Ынтымак айыл округунун тургуну 21 жаштагы  Н.Н.  болуп чыккан. Кармалган жарандар Кыргыз Республикасынын Жазык процесстик кодексинин 98-беренесинин негизинде убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка жарандарды тактоо боюнча тийиштүү иш-чаралар жана сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө. Уурдалган малдар ээсине кайтарылып берилди.

Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button