Маданият

Азамат Болгонбаев Чүй облустук драма театрына директор болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиевдин буйругуна ылайык, төкмө акын Азамат Болгонбаев Ш. Термечиков атындагы Чүй облустук драма театрына директор болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Азамат Болгонбаев 1983-жылы 29-октябрда Бишкек шаарында туулган. 2000-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы окуу жайынын “Оркестр жана хор дирижерлугу” факультетинин акын жана дастанчылык өнөрү боюнча сабакты КР эл артисти Замирбек Үсөнбаевдин классынан алган.

Буга чейин ал, КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсү жана төрагасы, “Устат” Академиясынын негиздөөчүсү, Республикалык «Айтыш» коомдук фондунун мурдагы теңтөрагасы болгон. Ал республикалык жана эл аралык деңгээлдеги төкмө акындардын «Айтыш» сынагынын көп жолку жеңүүчүсү катары белгилүү.

Маданият тармагындагы үзүрлүү эмгеги жогору бааланып, КРнын “Ардак Грамотасы” , КРнын эмгек сиңирген артисти наамына ээ болгон.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button