Рахмон Мирзиёевди “Алтын таажы” менен сыйлады. ФОТО

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон өзбек лидери Шавкат Мирзиёевди I даражадагы “Зарринтадж” (“Алтын таажы”) ордени менен сыйлады. Бул тууралуу Өзбекстан президентинин расмий сайтында  кабарланды.

 Сыйлык тапшыруу аземи кечээ, 10-июнь күнү, Душанбе шаарында өттү. Маалыматка караганда, Мирзиёев бул орденге эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык алакаларды бекемдегени үчүн татыган.

Sputnik Тажикстан агенттигинин жазганына караганда, “Алтын таажы” ордени демократиялык өзгөрүүлөргө, экономикалык реформаларга жана илим, маданият жаатындагы өсүп-өнүгүүлөргө зор салым кошкон коомдук жана саясий ишмерлерге ыйгарылат.

Эске салсак, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Душанбе шаарына 10-июнь күнү эки күндүк иш сапары менен барып, аны аэропорттон Эмомали Рахмон өзү тосуп алган. Өзбек президенти иш сапарынын алкагында өлкөнүн түндүгүнө чейин барып, Согди облусунун соода-экономикалык потенциалын талкуулай турганы айтылган болчу.