Жапаров Кыргызстандын Германиядагы ардактуу консулдары менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 17-июнда, Кыргызстандын Германия Федеративдүү Республикасындагы ардактуу консулдарынын делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жолугушууга Бавария жана Тюрингия федералдык жерлериндеги Кыргызстандын ардактуу башкы консулу Райнхольд Крэммель, Шлезвиг-Хольштайн федералдык жериндеги Кыргызстандын ардактуу консулу Кристоф Крошке жана Гамбург шаарындагы Кыргызстандын ардактуу консулу Карл-Хуго Эрнст Элердинг катышты.

Мамлекет башчысы ардактуу консулдардын ГФР менен достук алакаларды өнүктүрүүгө кошкон чоң салымын белгилеп, Кыргызстандын Германиядагы жарандарына көрсөтүлүп жаткан жардамдары үчүн ыраазычылыгын билдирди. Германия менен кызматташуу Кыргызстандын тышкы саясатынын европа багытындагы негизги артыкчылыктарынын бири катары караларын кошумчалады.

Мамлекет башчысы чет өлкөлүк инвестициялардын мамлекеттин өнүгүшүндөгү ролун жана маанисин айтып, Кыргызстанда инвесторлорду ар тараптуу колдоого жана аларга жагымдуу шарттарды түзүп берүүгө даярдыгын баса белгиледи.

Президент учурда бул боюнча зарыл болгон реформалар ишке ашырылып жатканын, мисалга алсак, Инвестициялар министрлиги түзүлүп, ал чет элдик инвесторлорго карата шарттарды түзүп, кепилдиктерди берерине токтолду.

Өз кезегинде Кыргызстандын Германиядагы ардактуу консулдары инвесторлордун ийгиликтүү иштөөсү үчүн жагымдуу чөйрө маанилүү экендигин айтышып, бул багытта Кыргызстандын жакшы жетишкендиктерин канааттануу менен белгилешти.

Алар тажрыйбалары менен бөлүшүүнү кааларын, Кыргызстанда бизнес-долбоорлорду ишке ашыруу боюнча конкреттүү идеялары бар экендигин кошумчалашты.

Ардактуу консулдар эки мамлекеттин пайдасы үчүн ишмердүүлүктөрүн улантып, мындан ары дагы Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы достуктун көпүрөсү болууну улантууга даяр экендиктерин билдиришти.