Ырчы Алина Жетигенованын жолдошу каза болду

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Алина Жетигенованын жолдошу каза болду. Ал март айынан бери ооруп жүргөнү куудул Назира Жетигенова тарабынан белгилүү болду.

“Жездем кечээ, 14-июлда кечинде каза болду. 49 жашта болчу. Ушул жылдын март айынан бери ооруп жүргөн. Дарыгерлер так диагноз коё алышкан эмес”, – деди ал.

Алина Жетигенова менен жолдошу 2 уул, 1 кызды тарбиялап келишкен.