Боомдо үй-бүлө жол кырсыгына кабылып, 14 жаштагы кыз көз жумду

Кечээ, 22-июлда Боом капчыгайында Toyota унаасы жолду бөлүп турган бетонду сүзгөн. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсыктан 14 жаштагы кыз каза болгон. Ал эми 48 жаштагы М.А. аттуу айдоочу, 44 жаштагы Ш.Э. аттуу аялы жана алардын кыздары: 4 жаштагы М.С., 7 жаштагы М.А., 9 жаштагы М.Б. жабыркап, ооруканага жеткирилген.