Бишкек шаарына «Даӊазалуу доор» теледолбоору боюнча кеӊири таанылган түркиялык белгилүү актриса жана продюсер Мерьем Узерли келет. Анын сапары Лос-Анжелес шаарындагы Азиялык Эл аралык кинофестивалдын (Asian World Film Festival) чакыруусу боюнча телесериалдар менен байланышкан жаӊы эл аралык долбоорду (Түркиянын Стамбул шаары) презентациялоого байланыштуу. Бул тууралуу кинофестивалдын башкаруучу директору Асел Шерниязова билдирди.
Уюштуруучулардын айтуусу боюнча, сентябрдын башында Бишкекте жаӊы долбоордун урматына арналган пресс-конференция болуп, жабык гала сый тамак берилмекчи. Мерьем Узерлиден тышкары белгилүү немис сүрөтчүсү Мартин Вертманн, фестивалдын аткаруучу директору Жорж Шамшум, продюсер, аялдар укуктарын коргоочу, эл аралык мамилелер жаатындагы эксперт — Мерал Мелика Дюран да келе турганы күтүлүүдө.