Бишкекте сүрөт көргөзмөсү ачылды. ФОТО

Күн мурун, 24 -августта, Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук көркөм өнөр музейинде Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган “Новый соцреализм 2” көргөзмөсү ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Көргөзмөнүн темасы – Кыргызстандын тарыхы – анда Баткен окуяларынан Токио Олимпиадасына чейинки эскиздер камтылган. Аталган долбоорду TOLOM MUSEUM жана BILIMKANA коомдук фонд биргеликте уюштурган.

Көргөзмөнүн ачылышына маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Салтанат Аманова катышты.

Көргөзмө 7-сентябрга чейин уланат.