Уктап жатып кантип арыктаса болот? Адистин кеңеши

Көпчүлүгүбүз арыктоону, сымбаттуу болууну каалайбыз, бирок баарыбыз эле кантип оңой арыктоонун жолдорун биле бербейбиз. Россиялык дарыгер – диетолог-эндокринолог Анжелина Чиж салмак таштоо үчүн сөзсуз түрдө ачкарын жатуунун кереги жок деп ишендирет. Ал уйкуда жаткан учурда арыктоо үчүн уктаар алдын эмне жеш керектигин “Доктор Питер” порталына айтып берди.

Адис организмде майды эритүүчү гормон – соматотронпин түн ортосуна чейин иштелип чыгарын белгиледи.

“Анын иштелип чыгышы үчүн эки кадам жасоо керек. Биринчи кадам – уктаар алдында сууга бышырылган 2 жумуртканын агын жеш керек. Экинчи кадам – кечки саат 11ге чейин уктоо. Эртең менен салмагыңыз 300 граммга азайганын байкайсыз”,-дейт ал.

Ошондой эле медик диета кармоо учурунда дагы баш тартууга болбой турган азыктарды тизмектеди. Биринчиден буларга белок камтыган азыктар кирет: тоок, үндүк, балык, жумуртка, майлуу эмес эт. Алар сөөктү жана иммундук системаны бекемдөө, терини жакшыртуу жана гормондорду иштеп чыгуу үчүн маанилүү.

Мындан тышкары, мөмө-жемиштерде, жашылчаларда, буурчак өсүмдүктөрүндө жана дан азыктарында көп кездешкен була (клетчатка) жөнүндө унутпоо зарыл. Дал ушул диеталык булалар тамак сиңирүү системасынын нормалдуу иштешине, тойуу сезимин сактоого, жүрөк-кан тамыр системасынын, кант диабетинин жана рак ооруларынын алдын алууга жооптуу. Андан тышкары, эндокринолог суу балансын сактоонун маанилүүлүгүн эске салды.