Москвада 1 күн, 1 түндөн бери Манас жаңырууда

Кечээ, 31-августтан тарта манасчы Дөөлөт Сыдыков Орусиянын Москва шаарында 5 күн, 5 түн бою манас айтуусун баштаган. Ал буга чейин Бишкекте айткан рекордунан ашты, тагыраагы 20 сааттан ашык убакыт болду. Бул тууралуу уюштуруучу Гүлзар Кокенова билдирди.

“Москва шаарындагы мекендештер манасчыга ыраазычылык билдирип, ак батасын берип жатышат. Белгилүү болгондой, Дөөлөт Сыдыков узак мөөнөткө манас айтып “Гиннесстин рекорддор китебине” кирүүгө аракет кылууда”, – деп билдиришти.

Гиннесс уюмунун жобосуна ылайык, бир сутканын ичинде 2 сааттык тыныгуу берилет. Эске салсак, 12-ноябрь күнү манасчы Дөөлөт Сыдыков 14 саат 27 мүнөт убакыт бою эч тыным албай, тамчы суу ичпестен манас айтып “Гиннесстин рекорддор китебине” кирүүгө аракет кылган.