Спорт

Кыргызстандык спортчу Калмира Билимбек кызы КМШ оюндарында алтын утуп алды

Кыргызстандык спортчу Калмира Билимбек кызы КМШ оюндарында алтын утуп алды. Бул тууралуу Жаштар жана спорт агенттигинен билдиришти.

Калмира Билимбек кызы 55 килограмм салмакта күч сынашты.

Оюндун финалында спортчу россиялык катышуучу Александра Скиренкону жеңди.

Эске салсак, КМШ оюндары 4 -сентябрдан 11 -сентябрга чейин Казанда (Татарстан) өтөт. Аларга КМШнын тогуз өлкөсүнүн спортчулары катышууда.

Белгилей кетсек, бул оюндарда Кыргызстандын спортчулары 10 медалга ээ болушкан: бир алтын, төрт күмүш жана беш коло.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button