Пермь университетинде студенттин огунан көз жумгандардын тизмеси жарыяланды

Пермдин аймактык коопсуздук боюнча министрлиги ЖОЖдо атылган октон курман болгондордун тизмесин жарыялады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Каза тапкандардын улуусу 66, кичүүсү 18 жашта экени маалым болду.

“Алар Маргарита Энгауз (66 жаш), Ярослав Арамелев (19 жаш), Ксения Самченко (18 жаш), Екатерина Шакирова (19 жаш), Анна Айгельдина (26 жаш), Александра Мохова (20 жаш) болуп чыкты”, — деп айтылган маалыматта.

Эске салсак, 20-сентябрда эртең менен Россиянын Пермь мамлекеттик изилдөө университетинде студент имараттын ичиндегилерди аткылап, алты киши каза таап, 24ү жаракат алган. Ок чыгарган студент полиция кызматкери окуя болгон жерге барганда аны көздөй бир нече ирет аткылаган. Тартип сакчысы куралчанды жарадар кылып, мылтыгын колунан алгандан кийин биринчи жардам көрсөткөн. Жыйынтыгында ок чыгарган студент кармалган.

Кыргызстандын ТИМи түндө Пермь мамлекеттик изилдөө университетинде болгон окуяда жабыркагандардын жана каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок экендигин билдирди.