Пайдалуу кеңештер

Коронавирустан кийин иммунитетти көтөрүүгө аракет кылбаш керек . Адистин кеңеши

Инфекциядан кийин эмнеге иммунитетти көтөрүүгө аракет кылбоо керектигин брифингде Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин штаттан тышкаркы инфекционист дарыгери Айнура Кутманова билдирди.

«Башка вирустук инфекциялар сыяктуу эле COVID-19 менен ооруганда иммундук система өзгөчө жабыркайт, кошумча таасирлер жаңы ооруларга дуушар кылышы мүмкүн. Иммуностимуляторлорду алуу иммундук системаны бузат», — деди Кутманова.

Дарыгер бир катар эрежелерди сактоо менен иммундук системаны калыбына келтирсе болорун айтат.

«Иммунитетти көтөргөн иммуностимуляторлорду, чөптөрдү жана биологиялык активдүү кошулмаларды колдонууга болбойт. Иммундук система орточо эсеп менен 2-3 айда калыбына келет. Бул үчүн 8 саат уктап, оор жумуш жасабай, туура тамактанып, сейилдеп, стресстен оолак болуу зарыл», — деди адис.

Инфекционист бейтаптардын көбү табиттин жоктугунан жабыркай турганын кошумчалаган. Буга байланыштуу белок, май, углевод, минерал жана витаминдерди камтыган оңой сиңе турган тамактарды жеп, суу ичүүнү сунуштады.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button