Окуялар

Бишкекте автобус катышкан жол кырсыгынан жабыркагандардын саны 21ге жетти

Бишкекте №8 автобус катышкан жол кырсыгынан жабыркагандардын саны 21ге жетти.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, балдар ооруканасына тогуз бала түшүп, амбулатордук дарыланууга чыгарылган.

№4 шаардык ооруканага 12 жабырлануучу түшүп, алардын төртөө травматология бөлүмүнө жаткарылган. Абалдары канааттандырарлык. Ошондой эле экөө орто оор абалда реанимацияда жатат. Калгандары үйлөрүнө кое берилген.

Алдын ала маалымат боюнча, күбөнүн айтымында, жеңил унаа карама-каршы тилкеге чыгып кеткен, автобустун айдоочусу андан буйтап бакты сүзгөн.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button