ВИДЕО: Бишкекте шайлоочуларды сатып алууга шектелген факты аныкталды

Бишкек ШИИБна борбор калаанын аймагында “Н” аттуу жаран  Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин бирин колдоо үчүн шайлоочуларды сатып алууга активдүү катышып жатат деген маалымат келип түшкөн.

Аталган факт КЖБРне катталып, Кыргыз Республикасынын  Кылмыш-жаза кодексинин 192-беренесине ылайык (Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Жүргүзүлгѳн тергѳѳ аракеттеринин жана ыкчам иш чаралардын натыйжасында мыйзамсыз аракеттер Бишкек шаарынын тургундары  А.А. жана “М.Н. аттуу жарандар тарабынан жасалганы тастыкталып, кармалышкан. Тактап айтканда, 2021-жылдын 30-октябрынан тартып  А.А. аталган бир саясий партиясынын жана депутаттыка талапкердин кызыкчылыгын кѳздѳп үгүттөө иштерин жүргүзүү боюнча агитатор милдетин аткарып жатып, М.Н. аттуу жаранга 10 000 сом акчаны 10 шайлоочуга берип белгилүү бир саясий партиянын жана талапкерге добушун берүүсүн суранган.

Бишкек ш.ИИББнын тергөө кызматы тарабынан ыктыярдуу түрдө берилген акча каражат түрүндөгү үгүт материалдары жана буюм далилдери алынды. Ошол эле учурда, жарандар А.А. жана М.Н. кылмыш жасагандыгына шек келтиргендиги тууралуу билдирүүлөр берилген.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Бишкек ш. ИИББнын басма сөз кызматы