Без рубрики

Путин мыйзамсыз жүргөн мигранттарга катуу чара көрүүгө чакырды

РФ президенти Владимир Путин мыйзамдарды бузуп, уруксатсыз жүргөн мигранттарга өлкөдөн чыгаруудан тарта кирүүгө тыюу салууга чейин кескин чараларды көрүүгө чакырды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

«Экстремисттик көрүнүштөр, укук бузуулар жана мыйзамсыз эмгек ишмердүүлүгүнүн кандай гана түрү болбосун Россиядан чыгарууга жана кийин кайра киргизүүгө тыюу салууга негиз болуп, бул чаралар тезинен кабыл алынышы керек», — деген Путин ИИМдин коллегиясында.

Ал «мыйзамсыз миграцияда криминалдык бизнес курган» кылмыштуу топтор үчүн да катаал чаралар каралышы керектигин белгилеген.1-январдан тарта Россиянын ИИМи жаңы эрежелерди киргизгени маалым. Өлкө аймагында мыйзамсыз жүргөн эмгек мигранттары өлкөдөн чыгарылып, кайра кирүүсүнө тыюу салынып, ошондой эле алар менен кошо иш бергендер да айыпка жыгылмай болгон.ИИМ Россияга иштейм деп келген чет элдиктерди документин иретке келтирип алууну жана өз убагында ички иштер органдарына кайрылууну өтүндү.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button