Пайдалуу кеңештер

Адам күнүгө канча кадам басышы керек. Адистин кеңеши

АКШнын Массачусетс университетинин окумуштуулары өмүрдү узартуу үчүн күн сайын канча убакыт басуу керектигин айтып берди. Изилдөөнүн жыйынтыгы тууралуу Lancet Public Health журналы жазды.

Адистер иликтөөнүн жүрүшүндө ар кайсы өлкөдөгү 18 жаштан жогору 50 миң кишинин маалыматын анализдеп чыккан. Катышуучуларды төрт тайпага бөлүшкөн. Алар күнүнө 3,5 миң, 5,8 миң, 7,8 миң жана 10,9 миң кадам басышкан. Окумуштуулар төртүнчү топко караганда биринчи үч топтогу катышуучуда өлүм тобокелдиги 40-53 пайызга азайганын аныкташкан.

Натыйжада адистер 60 жаштан өткөндөр узак жашайм десе күнүнө 6-8 миң кадам басышы керектигин айткан. Ал эми 60 жашка чейинкилерге 8-12 миң кадам басууну сунушташкан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button