Эртең мененки тамакты сөзсүз ичиңиз! Окумуштуулар эс-тутумдун начарлашы тууралуу айтышты

Жапон илимпоздору эртең мененки тамакты өткөрүп жиберүү адаты акыл-эстин бузулуу коркунучун күчөтөрүн аныкташкан. Бул тууралуу kubnews.ru  маалымат агенттиги Жапон окумуштууларынын тыянагына таянып жазып чыгышты.

Деменция деген эмне?

Деменция –адамдын когнитивдик жөндөмдүүлүгү начарлаган оору. Мындай учурда адамдын эс тутуму жоголот,  коомдо дезориентация пайда болот, ой жүгүртүү ылдамдыгы төмөндөйт жана башка көрүнүштөр пайда болот. Бул оору дагы карылык деменция деп аталат.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ВОЗ) маалыматы боюнча, дүйнөдө 55 миллион адам деменция менен ооруйт.  Бул сан 2050-жылга чейин 139 миллионго жетет деп айылат маалыматта.

Деменциянын эң кеңири тараган түрү Альцгеймер оорусу. Деменциянын өнүгүшүнүн бир нече этаптары бар.  Жаш курагына карабастан, эртелеп, акырындык менен өнүгөт, ошондуктан көп учурда байкалбай калат. Адам унутчаак болуп калат, тааныш жеринде ориентациясы бузулат. Бара-бара оору күчөйт. Экинчи этапта адам үчүн акыркы окуяларды жана адамдардын атын эстеп калуу кыйын болушу мүмкүн, үйдө кыймылдоо да кыйынга турат, ал максатсыз басып,  ар кандай  көндүм суроолорду бере алат. Оорулуу өзүнүн тамактануусуна жана өзүнө кам көрүүгө көңүл бурбайт. Бирок, мындай адамдарга кам көрүү керек.

Кеч стадиясында адам жакындарын тааныбай калат, кыймылдабай кыйналат, күнүмдүк иштерди аткара албайт. Жүрүм-турумда өзгөрүүлөр болот, алар күчөп, агрессивдүүлүккө алып келиши  мүмкүн. Бул учурда бейтапка дайыма кам көрүү керек.

Адамдын жашы акыл-эстин бузулушу үчүн негизги тобокелдик фактору болуп саналат, бирок бул карылыктын сөзсүз кесепети эмес. Оорунун пайда болуу коркунучу ошондой эле дайыма кыймылсыз отуруу жашоо образы, жаман адаттардын болушу жана туура эмес тамактануу жогорулатат.

Деменция менен эртең менен тамактанбагандын ортосундагы байланыш

Жакында жапон окумуштуулары акыл-эстин бузулуу ыктымалдыгын жогорулаткан дагы бир коркунуч факторун табышты – эртең мененки тамакты ичпей, өткөрүп жиберүү. Эксперттер 65 жаштан жогорку 525 адам катышкан алты жылдык изилдөөнүн жыйынтыгын чыгарышкан. Алар ушул жылдар бою эртең мененки тамакка кайдыгер мамиле жасаган аялдар да, эркектер да 4 эсе көп деменция диагнозу коюлганын аныкташкан.

Мындан тышкары, изилдөөчүлөр толук тамактануунун ордуна тез тамактануу акыл-эстин бузулуу коркунучун 2,7 эсеге жогорулатарын аныкташкан. Ошондой эле аш болумдуу заттардын балансын сактабаган катышуучуларда деменция диагнозу 2,7 эсе көбүрөөк катталган, ал эми  тузду көп колдонгондордо 2,5 эсе көп болгон.