Президент: “Кумтөрдүн” ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн Эсептөө палатасын жибердим

Президент Садыр Жапаров өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында билдирүү калтырып, анда “Кумтөрдүн” бир жылдык каржылык жана башка ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн Эсептөө палатасын жибергенин жазды.

«”Кумтөр” алтын кенине 2021-жылдын 17-майында тышкы башкаруу кирген, андан бери бир жыл өттү. Текшерүү бүткөн соң (болжол менен эки айдан кийин) жалпы элге маалымат берилет», – деп билдирүү калтырган президент.