Жапаров менен Токаев чек арадагы тыгындарды болтурбоо үчүн бардык күч-аракетти жумшоого макулдашты

“Биз кыргыз-казак чек арасындагы тыгындарды болтурбоо үчүн бардык күч-аракетибизди жумшоого макулдаштык”, – деп билдирди Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 26-майда, расмий иш сапары менен Бишкекке келген казак кесиптеши Касым-Жомарт Токаев менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында.

Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына канааттангандыгын кошумчалады.

Жапаровдун айтымында, сүйлөшүүлөр салттагыдай эле достук, жылуу маанайда, иштиктүү жана конструктивдүү кырдаалда өттү.

“Саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык мүнөздөгү маселелердин кеңири чөйрөсү талкууланды. Мамилелерди чыңдоого жана андан ары өнүктүрүүгө багытталган бардык багыттар боюнча макулдашууларга жетиштик. Алардын ичинен эки тараптуу мамилелерди мындан ары тереңдетүү жана стратегиялык өнөктөштүктүн жаңы деңгээлине чыгаруу максатында 2003-жылдын 25-декабрындагы Союздук мамилелер жөнүндө келишимди жаңылоо жөнүндө макулдашууну өзгөчө белгилеп кетким келет. Биргелешкен Индустриалдык соода-логистикалык комплексин куруу долбоору боюнча мурда жетишилген макулдашууну ишке ашыруунун алкагында анын курулушуна капсула салынды”, – деди Жапаров.

“Биз өкмөттөрдүн алдына өз ара сооданын деңгээлин 2 млрд АКШ долларына жеткирүү, Биринчи аймактар аралык форумду сапаттуу жана мазмундуу даярдап, өткөрүү, Кыргыз-Казакстан Ишкерлер кеңешинин ишин жандандыруу, биздин чек аралар аркылуу жүктөрдү алып өтүү механизмдерин андан ары өркүндөтүү жана башка маселелер боюнча милдеттерди койдук. Товарларды жана жүктөрдү Казакстан аркылуу өткөрүү маселеси боюнча, чек арадагы тыгындарды болтурбоо жана бул маселе боюнча мурда жетишилген макулдашууларды аткаруу үчүн бардык күч-аракетибизди жумшоо келишимине келдик”, – деп кошумчалады президент.