Россияда эне эки баласын 6-кабаттан ыргытып, андан кийин өзүнө кол салган

Россиянын Челябинск шаарында эне 6-кабаттан 3 жашар кызын жана 12 жаштагы уулун ыргытып, андан кийин өзүнө кол салып каза болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн, 14-июнга караган түнү болгон. Анда көп кабаттуу үйдүн 6-кабатынан эне 3 жаштагы кызы менен 12 жаштагы уулун ыргыткан. 3 жаштагы кыз окуя болгон жерден каза болуп, бала ооруканага жеткирилген.

Бул окуядан кийин эле балдарын ыргыткан эне өзүнө кол салып каза болгон.

Учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголду.