Жатаарда тамактануудан баш тартыңыз. Өмүрдү узартуунун дагы бир жолу айтылды

Жатарда тамактануудан баш тартуу калорияны азайтып, өмүрдү узартышы ыктымал. Бул тууралуу РИА Новости Science басылмасына жарыяланган окумуштуулардын иликтөөсүнө таянып кабарлады.

Адистердин айтымында, эртең менен жана түштө адам жакшылап курсагын тойгузуп, кечинде азыраак жана адаттагыдан эртерээк тамактанышы керек. Дарыгерлер тамактануу убактысын өзгөртүү карыганда пайда болчу сезгенүү процессине каршы тура аларын белгилеген. Калорияны азайтуу да өмүрдү узарта турганы кошумчаланды.