Маданият

«Биз кайрадан биргебиз». Асел Кадырбекова жолдошу Нурлан Насип менен жарашканын жарыялады

«Сүйүү жеңди. Биз кайрадан биргебиз». Ырчы Асел Кадырбекова жолдошу Нурлан Насип менен жарашканын соцтармактагы баракчасында жарыялады.

«Жашырууга негиз жок болуп калды. Биз кайрадан биргебиз. Мен эне катары кызыма мындай жоопкерчиликти арткым келбейт. Мунун баары бир гана ал үчүн дегим келбейт. Биз чоң адамдарбыз. Бул биздин чечимибиз. Демек, сүйүү жеңди. Мындан ары эмне болору бир гана Жаратканга белгилүү. Өз кезегинде биз дагы биримдигибизди бекемдеп, ага эч кимди кийирбегенге аракет кылабыз. Үй-бүлөбүздү бекем жана күчтүү кылып курууга акылыбыз жана алыбыз жетет деп үмүт кылам. Биз оор сыноону баштан өткөрдүк. Ага карабай, үй-бүлөбүздү сактап калдык. Нурлан Насип, кел, кайгыда да, кубанычта да чогуу бололу. 2-3 ай бою жарашканыбызды жашыруун сактап келдик. Бирок биз үчүн камтама болгон билдирүүлөрдү көрүп, жашыруун сактоо мүмкүн болбой калды», — деп жазды ырчы айым.

 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button