Спорт

Түркияда өтчү Ислам шериктештиги оюндарына Кыргызстандан 113 спортчу барат

Түркиянын Конья шаарында өтө турган V Ислам шериктештиги оюндарына Кыргызстан спорттун 16 түрүнөн катышат. Бул туурасында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Аталган эл аралык турнир 9-19-август күндөрү өтөт. Ага Кыргызстан курама командасынын алдыңкы спортчулары бармакчы.

Өлкө намысын коргой турган спортчулардын саны:

грек-рим күрөшүнөн — 10;

эркин күрөштөн — 10;

кыз-келиндер күрөшүнөн — 5;

жеңил атлетика — 9;

сууда сүзүү — 7;

баскетбол — 8;

фехтование — 5;

дзюдо — 12;

оор атлетика — 4;

каратэ-до — 9;

жаа атуу спорту — 5;

таэквондо WTF — 4;

көркөм гимнастика — 9;

кикбоксинг — 5;

салттуу жаа атуу спорту — 7;

стол тенниси — 3.

Спортчулар менен машыктыруучуларды кошкондо делегациянын курамында 142 адам болот.

Ислам шериктештиги оюндары 2005-жылы негизделип, ар төрт жыл сайын өтүп келет. Быйыл 54 өлкөдөн болжол менен 3 500 спортчу катышары күтүлүүдө.

 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button