Окуялар

Бишкекте «кайгуулчу» болгон белгисиз адамдар милицияга жеткирилди

Интернетте Бишкекте өздөрүн кайгуул милициясы кылып көрсөткөн белгисиз адамдардын видеосу тарады.

Анда көрүнүп тургандай, жол кайгуул милициясынын формасын кийген эки адам автоунааларды токтотууда. Видеонун автору алардан кызматтык документин көрсөтүүнү сураганда, «кайгуулчулар» баш тартып, качып кетишкен. Айдоочу качып кеткендер беш-алты автоунааны токтотконго жетишкенин белгилеген. Кийинчерээк белгисиз адамдар айдоочуга «бул пранк болчу» деп айтканын көрүүгө болот.

«26 жаштагы А.Т. менен 18 жаштагы А.К. ЖКККББнын кызматкерлери эмес. Аталган факты боюнча ИИМдин ички иликтөө кызматы тарабынан кызматтык иликтөө жүрүп жатат. Жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет», — деди ЖКККББнын маалымат кызматы.

Кармалгандар милиция бөлүмүнө жеткирилген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button