Күрөңкөев атындагы музыкалык окуу жайга Советжан Асанкадыр жетекчи болду

Мураталы Күрөңкөев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын директору болуп Советжан Асанкадыр дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, министр Азамат Жаманкулов тиешелүү буйрукка 7-сентябрда кол койгон. Жаңы жетекчини да окуу жайдын эмгек жамаатына министр өзү тааныштырды.

“Буга чейин аталган окуу жайды КР эл артисти Тентимиш Мураталиев жетектеп келген. Мындан ары Тентимиш Мураталиев аталган мектепте өсүп келе жаткан муунга тарбия берүү жана кесипкөй адистерди тарбиялоого салым кошуу үчүн мугалимдик кесипти аркалайт”, — деп жазылат маалыматта.

Советжан Асанкадыр — “Айкөл” фольклордук-эстрадалык тобунун жетекчиси, ырчы, обончу.