Пайдалуу кеңештер

Акылбек Жапаров Теңгиз Бөлтүрүктүн кармалуусу боюнча пикирин билдирди

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын мурдагы тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүктүн кармалуусуна комментарий берди.

Анын айтымында, Бөлтүрүктүн кылмыш ишине айыптуулугун жана катыштыгын сот аныктайт.

“Азыркы учурда “Кумтөр” иши боюнча компетенттүү органдардын өкүлдөрүнөн турган комиссия түзүлдү. Ишкана штаттык режимде иштеп жатат. Алтын кенинин иши менен таанышууну каалагандардын баары бизге кайрыла алышат. Биз баарын көрсөтүүгө даярбыз”, — деди ал.

Эске сала кетсек, буга чейин козголгон кылмыш ишинин алкагында «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын ишмердүүлүгүн текшерүүнүн жыйынтыгында компаниянын экс-жетекчиси Теңиз Бөлтүрүк кармалган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button