Окуялар

Белгисиз адамдар Москва – Бишкек каттамындагы учакта бомба болгонун кабарлашкан

Учакта жарылуучу зат бар деген маалымат тастыкталган жок. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 21-сентябрда саат 14:53тө “Манас” эл аралык аэропортунун диспетчеринен Москва – Бишкек багытындагы учактын ичинде жарылуучу зат бар экендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине 5 куткаруучу, КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери тартылып, тиешелүү иш-чараларды жүргүзүшкөн.

Маалымат тастыкталган эмес.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button