Эстрада ырчысы Эрлан Андашевдин концерти өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу белгисиз мөөнөткө жылды

Эстрада ырчысы Эрлан Андашев Америкада жашап-иштегени маалым. Ал Кыргызстанга келип 23-24-сентябрда Бишкектеги Спорт сарайында жеке концертин берүү алдында турган. Өлкөбүзгө Тажикстандын куралдуу кол салуусунун жыйынтыгында орун алган кырдаалга байланыштуу концертин белгисиз мөөнөткө жылдырганын кабарлады. Азырынча кайсы убакка жылдырганы тактала элек.