КР эл жазуучусу Жаныш Кулмамбетов: “Каныкей тажиктин кызыбы?..”

КР эл жазуучусу, драматург Жаныш Кулмамбетов Манас эпосундагы  Каныкейдин кимдин кызы экени тууралуу, азыркы тажик-кыргыз чек арасындагы жаңжалга карата пикирин Фейсбук баракчасына чыгарды. Текстти өзгөртүүсүз беребиз.

“Тажикстан тарап куралдуу күчү менен өлкөбүзгө бастырып киргенден кийин ФБда жазылган бир кыйла посттордо жана комментарийлерде Каныкей тажик кызы эмес деген пикирлер орун алууда. Ал түгүл “Каныкей тажиктин кызы” деп айткан деп, Аскар Акаевди жөөлөп ийгендер да бар.

Каныкей кимдин кызы?

Тажиктин кызы деген пикир кайдан, качан чыккан? Аскар Акаев тажик акыны Гүлрухсор Сафиеваны “эже” деп койгону үчүн эле, Каныкейди тажик кызы деп калдыкпы?

Биринчиден, баягы “жаман көргөн кишинин бөркү казанбактай” деген сыңары, бул жерде Аскар Акаевдин күнөөсүн көтөрүштүн эч кандай кажети жок. Анткени, Каныкейдин Санирабийга (туурасы Санирабийге) экенин кыргыздарга тээтиги өткөн кылымдын сексенинчи жылдарынан тартып эле дайын болгон. Болгондо да кадимки залкар манасчы Сагынбай Орозбак уулунун “Манасы” менен (Караңыз: Манастын Каныкейди алганы. Китепте: Сагынбай Орозбак уулунун варианты боюнча.”Манас” II китеп. Фрунзе, “Кыргызстан”, 1980, 345-388-беттер). Анда Аскар Акаев президент эмес депутат да боло элек кези. Демек, маселе Аскар Акаевде эмес экен. Бул бир жагы.

Экинчиден, өткөн кылымдын жетимишинчи жылдарынын башында Тажикстандын Кыргызстанда маданий күндөрү өтүп жаткан учурда болсо керек, Тажик ССРинин жазуучулар союзунун жетекчилеринин бири, акын, тарыхчы Момин Каноат трибунадан туруп “керек болсо биз силердин таеке-тайыңар болобуз, Каныкей апаңар тажиктин кызы Санирабига” деп айтканына кыргыздын чыгармачылык интеллигенциясы күбө болушкан. Ошондон тартып, улутубуздун чыгармачылык интеллигенциясы “Каныкей тажик кызы экен, аты Санирабига турбайбы” деген пикирге өтүшкөнү да тарыхта өкүм сүрүп келген чындык.

Эми, акыркы трагедиялуу окуялардын натыйжасында талашка түшүп аткан маселеге – Каныкей чыны менен эле тажик кызыбы деген суроого келели. Эгерде Сагынбайдын чыгармачылык сыпаттоосуна таянсак, анда Каныкей Амир Темирдин кызы катары чыга келет. Анткени кан Жакып уулу Манаска колукту издеп жүрүп Букардан (Бухара) кыйбаа тажиктердин ханы Атемирдин Санирабийге деген кызын көрүп купулуна толтуруп жатат. Эгерде “Манас” манасчылардын айрым бир урунттуу тарыхый окуяларды кыялы менен (!) эркин интерпретациялоодон жаралган эпопея экенин эске алсак, анда Сагынбай айткан Атемирди тарыхый Амир Темир деп болжолдосок болот. Сагынбай араб тамгасын тааныган сабаттуу инсан катары Атемирдин прообразына тарыхый Темирланды пайдаланышы толук ыктымал. А бирок, Амир Темирбиз тажик эмес түрк-монгол элдерине тийиштүү колбашчы да. Демек, Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримов 1995-жылы, “Манас” эпосунун 1000 жылдыгын майрамдоо учурунда Санирабийга тажик кызы эмес деп айтканы да ошондон улам болсо керек.

Ал эми тарыхый чындыкка келе турган болсок, Темирландын Санирабийга деген кызы болгон да эмес.

А Каныкей тарыхый жактан алганда тажиктин кызы болчу, аты Санирабийга деп көшөөрүш эч кандай кажетсиз. Анткени анын тарыхый далили жок. Жана жогоруда айтылгандай улуу манасчынын чыгармачылык фантазиясынын гана жемиши. Маселен, Сагынбайдын вариантындагы Манастын ак падышага (орус падышасы) каршы согушканын, же Мекеге ажылыкка барганынын тарыхый болгон окуя катары карабайбыз да. Анткени, “Манас” эпопеясы манасчылардын учкул кыялынан жаралган, тарыхый окуяларды эркин, өз каалаганындай трактовкалаган көркөм чыгарма. Эпос тарыхый-документалдуу, илимий иликтөө эмес. Ушул жагын унутпашыбыз керек.

Кокус, эртең эле дагы бир Сагынбайдай залкар манасчы чыгып Каныкей Санирабийга эмес, аты түкүнчө эле, атасы бакүнчө улуттан болчу, деп айтып кете берсе, аны да тарыхый факты катары бетибизге кармайбызбы?.. Талашып-тартышабызбы?..

Ошол эле 1952-жылкы “Манас” эпосу боюнча өткөн Бүткүлсоюздук конференциянын чечими менен кабыл алынган бириктирилген, кошмо вариантта Букардын каны Темиркандын кызы Каныкейдин улуту тажик экени тууралуу кенедей да ишаарат жок. Анда Каныкей буруу-терүүсүз кыпкыргыз. Буга эмне дейбиз?..

Жок, андай эмес мындай деп улутун сүрүштүрүп, аягы көрүнбөгөн дискуссия уюштуралыбы?..

Көркөм чыгармага таянып Каныкейдин жарандыгын издеп, илимий иликтөөгө айлантыш – абсурд. Осол көрүнүш. Көркөм чыгарма андай териштирүүгө факт болуп бере албайт.

Каныкей ким болбосун, кимдин кызы болбосун, биринчи кезекте биздин кыргыз элинин залкар манасчыларынын эпикалык генийинин туундусу. Кыргыздын кан-жанынан, дүйнө танымынан жаралаган кыргыз аялзатынын образы. Биз ошого – дүйнөлүк адабиятка, маданиятка Манас менен Каныкейдей улуттук ар-намыстын, айкөлдүктүн, асылдыктын, аруулуктун символу болгон образдардан түзүлгөн теңдешсиз шедевр бере алган эл экенибизге сыймыктанганыбыз оң.

Эч ким көлөкө түшүрө албай турган биздин эң башкы мактанчыбыз ушул!

Андыктан, майнапсыз талаш-тартыштын эч кандай кереги жок”, – деп билдирди.