Адамдын боюна карап, мүнөзүн бил!

Tall and small man next to each other --- Image by © Anna Peisl/Corbis

Адамдын көздөрүнө, колдоруна карап көп нерсени билсе болот. Бүгүн биз адамдын боюна карап мүнөзүнүн өзгөчөлүктөрүн билип алууңузга жардам беребиз.

140 смге чейин

Бул адамдар аябай ак көңүл, дайыма мыкты болууга аракеттенгендер. Жумушту эң жогорку деңгээлде жасап, дүйнөгө өзүнүн изин калтырууну каалайт. Сүйүүгө бекем, ал эми чыккынчылыкты эч качан кечире албаган адамдар.

140-150 см

Ушул бойдогу адамдар кыялкеч болот. Өзү менен өзү болгондон рахаттанган интроверт адамдар. Бир ишке ар бир кадамды ойлонуп таштайт. Өзүнө окшош адамдар менен бат тил табышат.

150-160 см

Чыгармачыл жана башкаларга окшобогон уникалдуу адамдар. Ошондой эле обу жок идеялардын булагы жана өтө эмоционалдуу болот. Инсандардын күчтүү жана алсыз жактарын тез билген ички туюму күчтүү адамдар.

160-170 см

Чындыкты бетке айткан, бат мамиле курган, акылдуу адамдар. Жоопкерчиликтүү, коомчулукту өзүнө тарткан лидерлер. Дүйнөдө өздөрүндөй бир гана чынчыл адамдар жашайт деген ойдо болушат.

170-180 см

Көз карандысыз бир гана өзүнө ишенген инсан. Жашоодо эмне кааларын так билген, максатына жетүү үчүн колунан келгенин жасаган адамдар. Эч кандай кыйынчылыктан коркпой, “таттуу жалгандан ачуу чындык жакшы” деген принцип менен жашашат.

180-190 см

Бул адамдар назик жана боорукер болот. Өмүрүнүн эң негизги максаты — өзүн курчаган ар бир адамды бактылуу кылуу. Көбүнчө жоопсуз сүйүүгө кабылышат.

190 смден өйдө

Ишеничтүү токтоо адамдар. Жашоо кыйынчылыктарына туруктуу болушат. Жаралган маселелерди бат чечишет. Жумуш менен эс алууну бир калыпта кармай билишет.

А сиздин боюңуз канча?

Макала интернеттен алынды