Пайдалуу кеңештер

Кыйкырып, сөгүнүп, кыжырданган адамды түшүнүү менен кабыл алуу керектиги айтылды

Стресстик кырдаал жөнүндө айта турган болсок, адам сөгүнгөн учурда стресс гормондорунун жана башка татаал химиялык процесстер ишке ашат. Бул тууралуу клиникалык психолог Егор Семенов «Доктор Питер» басылмасына билдирди.

«Стресс абалында аң-сезимибиз тарып, рефлексия, талдоо сыяктуу функцияларды башкаруу оңой болбой калат. Ошол эле учурда адамдын сөз байлыгы бир нече мүнөткө азая түшөт. Андыктан адам катуу кыжырланган учурда оюндагысын жеткирүү үчүн жакшы сөз таппай калат. Ал эми эмоцияны ошол бойдон чыгарбай кармап калуунун пайдасы жок», — деди психолог.

Мындан улам психолог өтө кыжырланып турган адамдын оозунан чыгып кеткен «сөздөрдү» кулактын сыртында калтырып, түшүнүү менен кабыл алууга чакырат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button