Болот Темиров азыр Орусияда ата-энесинин жанында

Өлкөдөн чыгарылган Болот Темировдун Орусиядагы аэропортто суралганы маалым болду.

Иликтөөчү-журналист Болот ТемировдуМосквадагы аэропортто ФСБнын кызматкерлери суракка алды.

Анын айтымында, журналистти ФСБнын кызматкерлери тосуп алышкан. «Алар анын кандай максатта учуп келгенин сурашты. Ал иликтөөчү-журналист экенин айтты. Акчаны каяктаг алышарын сурады. Ал чет өлкөдөгү уюмдардан аларын айтты. Болотту өткөрүп, аны алып келген 2 жаранды көпкө кармашты»,— деди ал.

Болот Темировду апасы тосуп алган. Ал азыр ата-энесинин жанында. Жубайы анын жанында паспорт, телефону жок экенин болгону, элчилик берген Орусиянын жараны деген убактылуу документи бар экенин айтты. «Биз Болот Темировдун Кыргызстанга кайтып келүүсү үчүн күрөшөбүз. Ал Кыргызстандын жараны, ушул жерде чоңоюп, өскөн. Temirov Live командасы Болотсуз иштей берет Балким ал онлайн кошулат»,- деди жубайы.