Пайдалуу кеңештер

40 жаштан кийин адам жашоо образын өзгөртүү керек. Адистин пикири

Кайсы бир учурда ден соолукка пайдасы аз тамактар менен спирт ичимдиктери организмге мурункудан дагы оорураак кесепеттерди алып келе баштайт. Ал учурда жашоо образын толугу менен өзгөртүү керектигин Sputnik радиосунун эфиринде терапевт Мария Черняева айтты.

«Адатта 40 жаштан кийин метаболизм процесстери басаңдап, зыяндуу заттар организмде көбүрөөк кала баштайт. Инсулин начар бөлүнүп калат», — деди ал.

Мындай өзгөрүүлөрдүн натыйжасында адам кээ бир тамактарды, атап айтканда, майлуу жана таттуу азыктарды жакшы сиңире албай калат.

«Мисалы, шишкебек ашказанды оорутуп, ичимдиктер эртеси күнү башты оорутат. Туздуу тамак жеген учурда кишинин колу-бутунда шишик пайда болот. Бул белгилерди байкагандар дароо жашоо образын өзгөртүп, туура тамактануу, уйкуну кандыруу сыяктуу нерселерди адатка айлантышы керек», — деди Черняева.

Антпесе тетири жыйынтык өзүн көп күттүрбөйт. Мисалы, аз убакыт ичинде ашыкча салмак кошулуп, өнөкөт оорулар пайда болот.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button