Кыргызстандык гимнаст кыздар Грузияда эки алтын медаль алышты

Кыргызстандык Аяна Токушова жана Даткайым Жүзүпбекова көркөм гимнастика боюнча Грузияда өткөн эл аралык мелдештин жеңүүчүсү болушту. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

Өспүрүмдөр арасындагы “NEW LOOK International Cup 2022” мелдеши 19-23-ноябрь күндөрү Тбилиси шаарында болгон.

Токушова алтын медалдан сырткары “Miss Grace” наамын алган.

Кыздар “Ынтымак” көркөм гимнастика спорт мектебинде тарбияланышат.

Мелдешке 14 мамлекеттен келген 600дөн ашык спортчу катышкан. Кыргызстандын атынан алты спортчу жөнөтүлгөн.