Коом
Кыргызстандык айдоочу Казакстандын талаасында 6 күнгө калып калган

Самара-Шымкент унаа жолунун 797-чакырымында Вольво үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу, Кыргызстандын жараны рулду башкара албай, жолдун жээгине чыгып кеткен.
Казакстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы өзүнүн Telegram-каналында жазгандай, жеңил унаалар жүктөлгөн жүк ташуучу унааны алып чыгууга мүмкүн болгон эмес, бирок полиция келип, ал кишинин ал-абалын, тамак-аш, суусу бар же жогун сурашкан.
Ал кишинин айтымында, ал унаанын жанында алты күн болгон. 9-январда милиция кызматкерлери менен «Казавтожол» кызматкерлеринин биргелешкен аракети менен жүк ташуучу унаа атайын техниканын жардамы менен жолго чыгарылган.



