-Туура жолдо жүргөндөр актанууга муктаж эмес.
– Кээде абалыбызга периштелер да суктанат, кээде шайтандар да жийиркенет.
– Кайгы – адам затты жокчулукка жетелеген жорго ат.
– Кимде сулуулук болсо, ал карызга берилгенин билүүгө тийиш.
– Дуба кылуу – демек, эшикти кагуу. Калганына кийлигишүү чектен ашкандык.
– Көөдөнү сокур адамдын жанында китеп сымал үнсүз бол.
– Иттердин достугу – ортолоруна сөөк ыргытылганга чейин.
– Караңгы адам гүлдүн сулуулугун көрбөй, тикенегине жармашат.
– Сабыр – алгач уу болот, бирок кулк-мүнөзүңө айландырсаң – балга айланат.
– Чыныгы сүйүүнү билген жүрөк – бир тамчы сууга да урмат кылат.
– Көңүлүң сүйүүсүн тапса, куураган талда бүчүр байлайт.
– Кимдир-бирөөдө текебердик болсо, сөз сүйлөгөн сайын пияз жыттанат.
– Китептерди окугандан мурун, өзүбүздү окуганды үйрөнөлү.
– Жалбыраксыз калдым деп сабагыңды кестирбе, эртең эле жаз келет.
– Эй досум! Эмне арманың болбосун – үмүтүң Кудайдан болсун.
– Даттануу – жаман мүнөз. Жакшылар даттанбайт сабыр кылат.
Бекжан Шыгаевдин интернет баракчасынан алынды.