Пайдалуу кеңештер

Арыктайм деп кармаган диетанын кайсы түрү ден соолукка зыян? Адистин пикири

Диетанын кайсы түрлөрү зыян экенин «Известия» агенттиги дарыгер-терапевт Ольга Александровага шилтеме берип жазды.

Ал айрым диеталар кишиге медициналык көрсөтмөлөргө байланыштуу түзүлөрүн, аларды адистин консультациясы жок арыктоо максатында колдонуу кооптуу экенин айтты.

«Мисалы, кетодиета бардык ооруну күчөтүп жиберет. Углеводдорду азайтуу же таптакыр баш тартуу организм үчүн көндүм нерсе эмес. Бат сиңе турган углеводдорду бир аз азайтса болот. Эгерде адамдын углевод алмашуусу начар болсо, ого бетер ден соолугу начарлап, өлүмгө чейин алып барышы ыктымал», — деди дарыгер.

Чийки тамак диетасы айыз циклин бузат. Мындай тамактанууда холестерин азайып, жыныс гормондору аз иштелип чыгат. Ошондой эле адамдын сөөк массасына жана булчуңдарына терс таасирин тийгизет.

«Суюктук ичип жүргөндөр, жадагалса пюре менен ботко эле жей бергендер чарчаңкы тартып жүрүшөт. Анткени суюктук адамга керектүү өлчөмдө энергия бере албайт. Адам тамакты чайнап жегенде тоет, бул азыктануудагы маанилүү нерсе», — деди адис.

Ошондой эле бир-эки азык менен диета кармоо ичеги-карындын иштешин буза турганын кошумчалады.

Мындан сырткары, жалаң жашылча-жемиш, өсүмдүк менен тамактанган кишинин организми жетиштүү деңгээлде белок албай калат. Тери, тырмак, чач жана булчуңга терс таасири тиет.

Адис диета ден соолук үчүн стресс экенин, арыктайм дегендер диетолог менен кеңешиши керектигин билдирди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button