Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 24-июлундагы № 313 Жарлыгын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 2-февралындагы № 44 тескемеси менен бекитилген «2021-2026 жылдарга инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө концепцияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планында» белгиленгендей, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасынын №85 -буйругунун негизинде республиканы түштүгүндө «Ынтымак» спартакиадасы болуп өттү. өткөрүлдү.
Мелдеш Кыргызстандын Мамлекеттик туу күнүнө карата жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлери арасында сергек жашоону жана спорттун ар кандай түрлөрүн жайылтуу максатында өткөрүлдү.
Тактап айтканда, волейбол боюнча мелдеште 1-орунду Ош шаарынан СИЗОнун командасы; 2-орун – №42 мекеме; 3-орун – Кызыл-Кыя шаарынан №43 – жатак абагынын командасы ээледи.
Ал эми футбол боюнча таймашта орундар төмөнкүчө бөлүштүрүлдү:
1-орун – №42 мекеменин командасы;
2-орун – №25 мекеменин командасы;
3-орун – №43 мекеменин командасы.
Мыкты оюнчу, чабуулчу, коргоочу жана дарбазачы номинацияларында да өзгөчөлөнгөндөр аныкталды.

Спартакиаданын жыйынтыгында жеңүүчүлөргө кубок, медалдар жана дипломдор, андан сырткары Ынтымак өткөрүү боюнча комиссиянын төрагасы, Ош шаарындагы №42 жатак абагынын башчысы, и/к полковниги Нурлан Аккаров тарабынан баалуу белектер жана сыйлыктар тапшырылды.