Францияда толкундоо басыла элек. Полиция таяк жеп, мэриянын эшиги өрттөлдү

Францияда пенсия реформасына нааразы болуп жаалдангандар бийликтин шаштысын кетирип жатканын РИА Новости кабарлады.

23-мартта Париж шаарындагы акцияга, полициянын айтымына караганда, 119 миң адам чогулган. Ал эми кесиптер бирлиги 800 миң киши деп эсептеген.

Ал эми жалпы өлкө боюнча сандар алда канча жогору. Тартип сакчылар 1,089 миллион жаран чыкты дешсе, “Эмгек боюнча жалпы конфедерация” (CGT) 3,5 миллион киши деп кабаралаган.

Ал арада профсоюз жапырт акциянын 28-мартка чейин уланарын жарыя кылды.

РИА Новостинин кабарчысы жүрүш башталган соң демонстранттардын колоннасы башаламандыкты баштаганын кабарлады. Эл бир катар жерлерде полиция менен кагыша да кеткен. Алар Молотов коктейлин, петардаларды, ар кыл суюктуктар куюлган желим жана айнек бөтөлкөлөрдү ыргыткан. Буларга полиция көздөн жаш агызуучу жана кулак тундуруучу гранаталар менен жооп берген.

Акциячылар бир нече жерди күйгүзүп, ири өрт бир канча жерде чыккан.

Кечинде жүрүшкө чыккандардын тобу белгиленген жерге, Опера аянтына келип жетип, кагылышуулар башталган. Элди сүрүп чыгуу үчүн суу менен аткан техника жеткирилген.

Франциянын өкмөт башчысы Элизабет Борн манифестантчылардын өлкөдө толкундоолор коштогон окуяларды уюштургандыгын зомбулук деп атады. ИИМдин башчысы Жеральд Дарманен бейшембиде акцияга чыккандар менен кагышып, полициянын 123 кызматкери жаракат алгандыгын айткан.

Нааразы эл Бордо шаарынын мэриясынын эшигине өрт коюп,  жалынга өрт өчүрүүчүлөр суу сепкенге жетишкен. Бул аймакка бир нече күндөн кийин Британия падышасы Карл IIIтүн келерин France Bleu радиосу кабарлады.

Толкундоо эмнеден башталганын эске салсак, Франциянын премьер-министри Элизабет Борн Баш мыйзамдын 49.3 беренесинен пайдаланып, мыйзам долбоорун парламенттин добуш берүүсүнө алып чыкпастан пенсия курагын 62ден 64 жашка көтөрүүгө бел байлаган.

Бул тема мурдараак да Францияда толкундоолорду жаратып, өлкө боюнча миллиондон ашуун кишини чогулткан. Демонстрациячылар полиция менен кагылышып, акция талап-тоноо менен коштолгон.

Элдин нааразылыгы президент Эммануэль Макрондун жаңы мыйзамды жактап, бийлик мунун зарылдыгын элге жакшылап түшүндүрө албай калды деген тейде берген маегинен кийин ого бетер тереңдеген.