Эсептөө палатасы “Кыргызиндустрия” ААКнын 2022-жылга карата ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгын билдирди

17-майда Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында “Кыргызиндустрия” ААКнын президенти Жарасул Абдраимов Эсептөө палатасынын аудитинин жыйынтыгы туура эмес болуп, жокко чыгарылганын билдирген. Ал мындай билдирүүнү депутат Жеңишбек Токторбаевдин мекемеге бөлүнгөн акчаны кайтарып берүүсүн жана өз каалоосу менен кызматтан кетүүсүн талап кылган сынына жана талабына жооп катары билдирген.

«Айтылган фактылардын көбү чындыкка дал келбейт. Эсептөө палатасы ката кетирип, текшерүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылды», – деп ишендирген ал.

Өз кезегинде КРнын Эсептөө палатасы «Кыргызиндустрия» ААКнын 2022-жылга карата ишмердүүлүгүнө аудит жүргүзгөнүн эске салат. Текшерүүнүн жыйынтыгы 31-мартта Эсептө палатасынын Кеңешинин отурумунда каралган.

Белгилей кетсек, КРнын Эсептөө палатасынын Кеңешинин отурумуна «Кыргызиндустрия» ААКнын президенти Жарасул Абдаримов катышып, текшерүүнүн бардык пункттары менен макул болгон.

«Кыргызиндустрия» ААКсын түзүүнүн негизги максаты – өнөр жайды модернизациялоону камсыз кылуу, мамлекеттик үлүшү бар чарбалык субъекттерди эффективдүү башкаруу болуп саналат.

Уставдык капитал катары бөлүнгөн 1 млрд сомдун 84,3%ы же 843,5 млн сому «Кыргызиндустрия» ААКсы жаңыдан түзүлгөн ишканалардын уставдык капиталына чегерилген жана Өкмөттүн токтому менен берилген мамлекеттик үлүшү бар 16 ишкананы реанимациялоого багытталган эмес. Анын ичинен 2022-жылы 245,2 млн сом (29%) өнөр жайга тиешеси жок долбоорлорго бөлүнгөн.

«Кыргызиндустрия» АККсынын 2022-2025-жылдарга өнүктүрүүгө бекитилген программасында (2022-жылдын 25-апрелиндеги) жана аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планында мамлекеттик үлүшү бар иштеп жаткан чарбакер субъекттерди модернизациялоо боюнча чаралар каралган эмес.

Түзүлүп жаткан ишканалардын уставдык капиталына чегерүү боюнча «Кыргызиндустрия» ААКсынын карызы жалпысынан 4,6 млрд сомду түзгөн.

«Кыргызиндустрия» ААКсынын мамлекеттик үлүшү бар ишканаларды реанимациялоо үчүн жеке жүгүртүүдөгү каражаттары калган эмес.

«Кыргызиндустрия» ААКсынын Президенти, ишкананын Уставынын 86 жана 94-пункттарынын 10-бөлүгүн бузуу менен, «Кыргызиндустрия» ААКсынын бирден бир акционери КРнын Министрлер Кабинетинин макулдугусуз, жалпы суммасы 3,5 млрд сомдук уставдык капиталы бар биргелешкен ишканаларды түзүү боюнча ири келишимдерди түзгөн.

Текшерүүнүн жүрүшүндө «Кыргызиндустрия» ААКсы тарабынан түзүлгөн айрым ишканаларда «Кыргызиндустрия» ААКсынын негизги кызматкерлери, ошол эле учурда иш каналардын негиздөөчүлөрү катары да көрсөтүлгөнү аныкталган.

«Кыргызиндустрия» ААКсынын  түзүмүндө төрт вице-президент, аппарат жетекчиси, президенттин эки кеңешчиси жана бир жардамчысы болушу каралган.

Жетекчи персоналдын жылдык эмгек акы фондусу 16,2 миллион сомду, же жалпы эмгек акы фондусунун 15 пайыздан ашыгын түзөт. Жалпы 65 персонал эмгектенсе, анын 31 бирдиги, же 47,6%ы жетекчиликке туура келет.

«Кыргызиндустрия» ААКсына мыйзамдуу түрдө берилбеген объектилерди оңдоо иштери боюнча сот тарабынан камакка алуулар бар, алдын ала төлөм катары 39,6 млн сом багытталган, бул Компаниянын 39,6 млн сом суммадан ашык каражатын жоготуунун жогору тобокелдиги бар экендигин көрсөтүп турат.

«Кыргызиндустрия» АККсынын 2022-2025-жылдарга өнүктүрүү программасына карата иш-чаралар планынын 18-пунктун бузуу менен, Компаниянын эсеп саясаты иштелип чыккан эмес жана ишке ашырылган эмес.

«Кыргызиндустрия» ААКсынын катышуусу менен түзүлгөн чарбалык субъекттерде аныкталган дал келбестиктер:

КРнын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Мыйзамынын 51-беренесин бузуу менен, 03.04. 2015-жылдын № 72 (2022-жылдын 15-майына чейин колдонулган) мамлекеттик сатып алуу жол-жоболорун өткөрбөстөн туруп,  2022-жылдын 15-апрелинде колдонулган металл түтүктөрдү сатып алуу боюнча «Алай-Барстары» ЖЧКсы менен «Сателлит -2005» ААКсынын ортосунда 36,0 млн сомго келишим түзүлгөн.

«Бухгалтердик эсеп жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын бузуу менен,  «Алай Барстары» ЖЧКсына таандык 23,8 млн сомдук турак жай түрүндөгү финансылык актив отчетто көрсөтүлгөн эмес. Долбоордун алкагында аталган кыймылсыз мүлктү пайдалануу каралган эмес, анткени, турак жай Бишкек шаарында, ал эми курулуш объектиси Алай районунда жайгашкан.

2022-жылдын башталышында бухгалтердик баланста калдыктар жок болгондуктан, 01.01.2023-жылга карата көрсөтүлгөн  маалыматтар “Би кей медикеар” ЖЧКсынын реалдуу финансылык абалын билдирбейт. Буга байланыштуу, аудит  “Би кей медикеар” ЖЧКсынын 2022-жылга финансылык абалы жөнүндө отчетунда көрсөтүлгөн маалыматтардын тууралыгы жана аныктыгы жөнүндө жетиштүү кепилдик ала алган жок. 1,0 миң сомдук уставдык капиталы бар “Би кей медикеар” ЖЧКсы  «Кыргызиндустрия» ААКсы тарабынан   49,6 млн сомго бааланып сатылып алынган.

«Кыргызпластик» ЖЧКсынын балансында 20,3 млн сом суммасында жашырылган дебитордук карыздар аныкталган.

Мамлекеттик каттоодон өткөндөн тартып, 2022-жылдын аягына чейин «Кыргызэлектроникс» ЖЧКсы жана «Кыргызэйрвейс» ЖЧКсы уставдарда каралган милдеттерди жана максаттарды ишке ашыруу боюнча иш-чараларды жүргүзгөн эмес. Бул ишканаларды күтүүгө   багытталган чыгымдар тиешелүү түрдө 2,2 миллион сомду жана 1,8 миллион сомду түзгөн.

Аудиттин жыйынтыгы боюнча:

— Кыргыз Республикасынын Президентине – аудиттин жыйынтыктары жөнүндө маалымат жана отчет;

— Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине – отчет;

— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине – отчет жана сунуш;

— Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматына – маалымат;

— «Кыргызиндустрия» ачык акционердик коомуна – отчет, жазма буйрук жана сунуш;

— Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине – аныкталган мыйзам бузуулары жөнүндө маалымат укуктук баа берүү үчүн жөнөтүлгөн.