УКМК: Товарлардын акциздик топторунун мыйзамсыз жүгүртүүсү аныкталды – ФОТО

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан 2023-жылдын 13-майынан 26-майына чейин акциздик товарлардын топторунун мыйзамсыз жүгүртүүсүнө каршы күрөшүүгө багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө акциздик маркалары жок алкоголдук продукциянын ири партиясын сатуу максатында сактоо фактылары аныкталды.

Тактап айтканда, жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында Кызыл-Кыя шаарынын Жаш Гвардия көчөсүндө жана Баткен облусунун Лейлек районунун Раззаков шаарындагы Додосян көчөсүндө жайгашкан кампаларда соттун чечиминин негизинде тинтүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында мыйзамсыз жүгүртүүдөн 62 миң бөтөлкөдөн ашык алкоголдук ичимдиктер табылып, анын ичинен 51 миң 600 бөтөлкөдө күмөндүү акциздик маркалар (арак, коньяк жана сыра) болгон.

Мыйзамсыз жүгүртүүдөн чыгарылган алкоголдук продукциялардагы акциздик маркалардын аныктыгын тактоо максатында КР УКМК тарабынан тиешелүү экспертизалар дайындалып, анын жыйынтыгы боюнча КР мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.

Белгилеп кетсек, алынган материалдардын алкагында курамында спирт бар продукцияны мыйзамсыз өндүрүү жана жүгүртүү фактысына (өндүрүү, сактоо жана сатуу) жол берген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын жооптуу кызматкерлеринин катышуусу текшерилүүдө, анын натыйжасында төлөнбөгөн салыктардан (акциздик салык, КНС, СС жана КС) өлкөнүн бюджетине олуттуу материалдык зыян келтирилген.

КР УКМК товарлардын акциздик топторун мыйзамсыз жүгүртүүгө КР мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик каралганын жана ага тиешеси бар адамдар кылмыш жоопкерчилигине тартылаарын эскертет.