Саясат
Садыр Жапаров Жалал-Абад жана Ош облустарына жумушчу сапар менен барат

Президент Садыр Жапаров 27-31-июлда Жалал-Абад жана Ош облустарына жумушчу сапар менен барарын анын маалымат кызматынан кабарлашты.
«Президент бир катар жаңы объектилердин ачылышына катышат жана бул аймактардагы инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышат», — деп айтылган маалыматта.



