Уруп, сабабайт. Токмок жеп чоңойгон бала тартынчаак, өз оюн айталбаган коркок болуп калышы ыктымал. Телевизор коюп бербей же балдар менен ойногонго жибербей коюп жазаласаңыз деле болот.
Жалгызсыратпайт. Коомчулукка көбүрөөк аралаштырыңыз. Чүрпөңүз бир жашка чыга элек болсо да аны менен паркта сейилдеп, театр, маданий жайларга алып барыңыз. Үйдөн чыкпаган бала өтө эле тартынчаак болуп өсүп, кийин коомго аралаша албай кыйналат.
Жаман сөздөр менен атабайт, сөкпөйт. Баланы “эшек, ит, чочкого” салыштырып урушуу чоң кемчилик. Сабырдуу болуп кыйкырып-өкүрбөй акырын айтып көндүрүңүз. Антпесе кесепети жаман болот.
Баланын көзүнчө ата-эне урушпайт, сөгүнбөйт. Чүрпөгө ата-эне өзү үлгү болуш керек. Балага тарбия эч качан кан менен берилбейт. Алар чоңдорду көрүп өсүп, ошого жараша калыптанышат.