Орусиялык ырчы жана композитор Игорь Николаев жүрөк оорусунан улам жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Бул тууралуу “112” Telegram-каналында билдирди.
Портал билдиргендей, дарыгерлер анын абалын оор деп баалап жатышат. «Январь айында эле олуттуу көйгөйлөр жаралып, ырчыны тез арада ооруканага алып барып операция жасатып, эки стент коюп, ооруканадан чыгарышкан»,— деп айтылат маалыматта.