Коом

Мурунку аялын зордуктаган кишини эркиндикте калтырган судьянын ишине юридикалык баа берилет

Мындай убаданы  Кыргызстандын Жогорку соту берди.

Жогорку соттун төрагасы мурдагы күйөөсүнөн запкы жеген 36 жаштагы Аселдин иши боюнча жыйын өткөрдү. 

Асел зордукталгандыгы тууралу биринчи арызын өткөн жылдын сентябрында жазган. Сокулук райондук соту тараптар элдешип, жабырлануучунун тосмо арыз жазгандан кийин ишти токтотконун Жогорку соттон билдиришти. 

Быйыл январда Асел кайрадан зордукталган. Сот анын мурдагы күйөөсүн күнөөлүү деп таап, пробациялык көзөмөлгө алган, бирок иш жүзүндө эркиндикте калтырган (сот зөөкүрдүн карып калган, майып апасы жана жабырлануучу аял менен ортодо эки баласы бар экендигин эске алган). 

Асел Чүй облустук сотуна чечим боюнча даттанып, отурум 27-сентябрда өтмөк. 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button