2023-жылы Ысык–Көл облусуна бюджеттен 1,34 млрд сом каржыланган

Бул тууралуу Финансы министрлигинен кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, Ысык-Көл облусу боюнча 2023-жылдын 12 айынын ичинде республикалык бюджеттин эсебинен жалпысынан бюджеттер аралык трансферттер – 1 223,4 млн сом өлчөмүндө каржыланган, анын ичинен:
1. Теңдөөчү трансферт –– 271,0 млн сом;
2. Электр энергиясына болгон 50% компенсацияга – 26,6 млнсом;
3. Айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө – 31,7 млн сом;
4. Башкы план – 26,8 млн сом.
5. Жер салыгынын жоготууларынын ордун толтурууга – 41,3 млн сом;
6. Бирдиктүү салык компенсациясына – 91,0 млнсом;
7. Каракол шаарын өнүктүрүүгө – 685,0 млн сом;
8. Түп районунун айыл өкмөттөрүнө -50,0 млн сом.
Мындан тышкары, Ыссык-Көл облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (айыл өкмөттөр) электр энергиясына кеткен чыгымдарды каржылоого республикалык бюджеттен — 117,1 млн. сом бөлүнүп берилди. Жалпы –1 340,5 млн.сом



