Коом

Бишкек ТЭЦинин быйылкы ремонту 40 күнгө созулушу мүмкүн экени айтылды

Бишкек ТЭЦинин жылдык ремонту бул ирет 40 күнгө чейин созулушу мүмкүн. Бул тууралуу энергетика министринин орун басары Талайбек Байгазиев брифингде билдирди.

Анын айтымында, быйыл Бишкек шаарындагы ТЭЦти жана жылуулук тармактарды толук өчүрүү пландалууда. Анткени технологиялык жабдыктар ремонтту талап кылгандыктан оңдоо иштеринин масштабы чоң болот.

Байгазиев мындай иштер жыл сайын май-июнь айларында аткарылып келгенин белгиледи.

«Быйыл 30-40 күн кетет деп пландап жатабыз, бардыгы иштин көлөмүнө жараша болот. График тууралуу маалымат берилет», — деди министрдин орун басары.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button